“Ак Демилге” коомдук фонду түзүлгөн күндөн тарта, жаштар менен тыгыз иш жүргүзүп келет.
Биздин негизги максаттарыбыздын бири, жаштарды татыктуу билим алууга, жакшы кулк-мүнөз, адеп-ахлактуу болууга жана дени сак жашоого үндөө болуп саналат.
Ушул максатта бир канча алгылыктуу иш-чараларды уюштурууга жетиштик.
Алардын катарында, жогорку окуу жайларда мыкты окуган жана коомдук иштерде активдүү катышкан студенттерге стипендия берип келебиз.
Бүгүн фонд тарабынан стипендия алып жүргөн студенттердин ичинен Жолой уулу Кайрат, Кыргыз Республикасынын президентинин өз колунан стипендия алууга жетишип турат.
Ал эми Өзгөнов Эрбол аттуу жигитибиз Ош шаарында өткөн, Грек-Рим күрөшү боюнча, эл аралык турнирде 1-орунга ээ болуп жалпыбызды кубандырды.
Биз силер менен сыймыктанабыз!!!
“Ак Демилге” коомдук фонду, келечек ээлери болгон, жаштарыбызды талыкпастан, татыктуу билим алууга жана дени сак жашоого чакырат!