«Ак Демилге» коомдук фонду бардык каалоочуларды ыктыярчылык ишке чакырат! Эми сиз да кайрымдуулук, билим берүү жана маданий иш-чараларга катышып, муктаждарга жардам берүүдө өз салымыңызды кошо аласыз.
📌 Ыктыярчылар үчүн анкета азыр жеткиликтүү!
Аны толтуруу менен фонддун ишмердүүлүгүнө расмий түрдө кошула аласыз.
➡️ Жаш курак маанилүү эмес — демилге жана чын дилден жардам берүү ниети болсо жетиштүү!
➡️ Жакшылыкка кошулуп, коомго пайдалуу иш жасоого мүмкүнчүлүк алыңыз.
Толтурулган анкеталар «Ак Демилге» коомдук фондунун офиси: Бишкек шаары, Граждан көчөсү, №77 кабыл алынат.


