Таза коом — ар бир адамдын жоопкерчилиги

Таза коом түзүү — бул жалгыз мамлекеттик мекемелердин эмес, ар бир жарандын милдети. Биз жашаган чөйрөнүн тазалыгы биздин ички маданиятыбыздын, дүйнөтаанымыбыздын жана жоопкерчилигибиздин көрсөткүчү. Тилекке каршы, акыркы убактарда таштандыларды көчөгө ыргытуу, коомдук жайларды булгоо, жаратылышты көзгө илбей мамиле кылуу адатка айланып бараткандай. Бул — өзүбүзгө, келечек муунга болгон кайдыгерлик.

«Ак Демилге» фонду коомду ыймандуулукка жана жоопкерчиликтүү жашоого чакырып келет. Волонтерлор менен биргеликте көчөлөрдү, сейил бактарды тазалоо, мектептерде жана окуу жайларда экологиялык сабактар өткөрүү аркылуу биз адамдарды өз чөйрөсүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөйбүз.

Тазалык — бул сырткы көрүнүш эмес, ички тартип. Ар бирибиз өз үйүбүздөн, көчөбүздөн жана иш ордубуздан баштап, коомубузга болгон жоопкерчиликти сезишибиз керек. Таза коом — бул адамдын жүрөгүнөн башталат. Эгер биз жашаган чөйрөбүздү сүйүп, аны таза кармай алсак, анда өз мекенибизди, элибизди да сүйө алабыз.

Scroll to Top