01.04.24-жылы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университинин 7-жатаканасында студенттер үчүн ооз ачар программасы уюштурулду.
Ооз ачарга жалпысы 120 студент катышты. Иш-чарада, аталган фонддун мүдүрү Kanatbek Matmuratov сөз сүйлөп, студенттерди Рамазан айы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалап өттү.
Программаны уюштурууга салым кошкон жалпы досторубузга, демөөрчүлөргө жана жатакана коменданты Adel Jakshylykova эжекеге ыраазычылык билдиребиз!