Руханий баалуулуктар — адамдын ички дүнүйөсүнүн күзгүсү

Азыркы замандын ылдамдыгы жана технологиялык өсүшү менен катар, адамзат руханий жактан бошоңдоп, адеп-ахлактык негиздер унутта калып бараткан учурлар да бар. Уят, тартип, ыйман, урмат жана кайрымдуулук сыяктуу түшүнүктөр улам барган сайын артка сүрүлүп жаткандай. Бул көрүнүш коомдун тартибине гана эмес, адамдардын ортосундагы мамилелерге, үй-бүлөлүк тынчтыкка жана жалпы улуттук биримдикке терс таасирин тийгизет.

«Ак Демилге» фонду ыймандуулукка, маданияттуулукка жана адептүүлүккө үндөгөн программаларды ишке ашырат. Биз урматтоо, сабырдуулук жана боорукердик сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарга негизделген иш-чараларды уюштуруп келебиз. Семинарлар, лекциялар жана тарбиялык жолугушуулар аркылуу жаштарга жана чоңдорго бул баалуулуктарды жеткирүүгө аракет кылабыз.

Руханий баалуулуктар — бул коомду бириктирип турган негизги түркүк. Эгер биз адамгерчилик принциптерин сактап, бири-бирибизге боор ооруп, жардам берип жашасак, анда коомубуз дагы тынч, ынтымактуу жана бакубат болот.

Scroll to Top