Рамазан айынын биринчи жарымында жүздөгөн адамдарга жардам көрсөтүлдү

2026-жылдын Рамазан айынын биринчи жарымында «Ак Демилге» коомдук фонду тарабынан Кыргызстан боюнча бир катар ири кайрымдуулук долбоорлору ишке ашырылды. Бул иштердин негизги максаты — коомдун аярлуу катмарын колдоо жана муктаж жарандарга жардам берүү болду.

Бул мезгилде төмөнкү иштер аткарылды:

  • Кыргызстан боюнча 1650 азык-түлүк комплекти таратылды;

  • 1500 адамга ооз ачтыруу (ифтар) тамагы уюштурулуп берилди;

  • 185 жетим балага жаңы кийимдер тапшырылды.

Бул иш-чаралар муктаж үй-бүлөлөргө жана балдарга колдоо көрсөтүп, Рамазан айынын боорукерлик жана жардам берүү баалуулуктарын иш жүзүндө көрсөттү.

Долбоорлор негизги өнөктөш жана демөөрчү — Нидерландыдагы IHHNL кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды.

«Ак Демилге» коомдук фонду коомго кызмат кылуу, муктаж жарандарга жардам берүү жана кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүү багытындагы иштерин мындан ары да уланта берет.

Фонддун ишмердүүлүгү социалдык жардам, билим берүү жана жаштарды колдоо сыяктуу бир катар багыттарды камтып келет.

Scroll to Top