19-февралда «Ак Демилге» коомдук фонду тарабынан Рамазан айына карата кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.
Анын алкагында:
– Нарын шаарында 50 үй-бүлөгө,
– Баткен облусунун Лейлек районунда 50 үй-бүлөгө
жалпысы 100 муктаж үй-бүлөгө Рамазан баштыкчалары таратылды.
Бул баштыкчалар Рамазан айында үй-бүлөлөрдүн күнүмдүк керектөөсүн жеңилдетүүгө жана ыйык айды тынч өткөрүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.
«Ак Демилге» фонду мындан ары да коомдун аярлуу катмарын колдоо багытындагы иштерин улантып, боорукерлик жана биримдик баалуулуктарын бекемдөөгө аракет кылат.







