2026-жылдын 20-январында «Ак Демилге» коомдук фонду аркылуу маркум Жабир Мухаммад Ашшавийдин атынан 20 муктаж үй-бүлөгө 1 тоннадан капталган көмүр таратылып берилди.
Бул иш-чара жакындарын жоготкондордун атынан садака кылуунун, эскерүүнүн жана жакшылык менен улантуунун жарык мисалы болду. Жаз алды суугунда мындай жардам көп үй-бүлө үчүн чыныгы жылуулук жана камкордук тартуулады.
«Ак Демилге» фонду маркумдун жакындарына ыраазычылык билдирип, жакшылык артында сооп болсун деген каалоосун билдирет.
Ушундай кайрымдуулук иштерди каалагандар үчүн фонд ар дайым ишенимдүү көпүрө болууга даяр.
Жакшы иш артында жакшы из калат.








