Курман айтка карата 700 курмандык союлуп, эти таркатылды

6–8-июнь 2025-жылы «Ак Демилге» коомдук фонду негизги демөөрчү IHHNL (Нидерланды) кайрымдуулук уюмунун каржылык колдоосу менен 700 баш майда жандыкты союп, Курман айтка арналган ири кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү.

8-июнда республика боюнча 2500дөн ашуун 4 кг эт салынган баштык коомубуздун аярлуу катмарына – муктаж үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой адамдарга таркатылды.

Мындан тышкары, 100 жетим балага жаңы кийимдер жана таттуу белектер тапшырылды.

Бул иш-чаралар коомдогу боорукерликти, биримдикти бекемдөөгө жана муктаждарга колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Эт таркатуу иштери Бишкек шаары менен катар өлкөнүн бардык облустарын да камтыды. Жардам алуучулардын тизмелери социалдык мекемелер, фонддор жана окуу жайлар менен кызматташтыкта алдын ала түзүлгөн. Ошондой эле, фонддун волонтерлору жана жергиликтүү активисттер тартылып, иш өз убагында жана так уюштурулду.

“Ак Демилге” фонду негизги өнөктөш IHHNL уюмуна, ошондой эле бардык ыктыярчыларга жана колдоо көрсөткөн жарандарга терең ыраазычылык билдирет.

Курман айтыңыздар мубарак болсун!

Scroll to Top