Курман айт майрамы менен куттуктайбыз!

Урматтуу достор, ыктыярчылар, өнөктөштөр, фондубуздун бардык колдоочулары жана жалпы мусулман бир туугандар!
“Ак Демилге” коомдук фонду сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен ак көңүлдөн куттуктайт!

Бул ыйык майрам – боорукерликтин, жакшылыктын жана мээримдүүлүктүн белгиси. Ал адамдардын ортосундагы биримдикти жана өз ара жардамдашууну бекемдеген өзгөчө күн.

Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөр тынчтыкка, үй-бүлөңүздөр бакубатчылыкка, иштериңиздер берекеге толсун! Курман айт ар бир үй-бүлөгө сүйүнүч, береке жана жакшылыктын жышааны болсун!

“Ак Демилге” фонду бул майрам күндөрү да муктаж үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге жана кароосуз калган жарандарга жардам көрсөтүүнү улантууда. Курмандык чалуу, азык-түлүк таратуу жана боорукердикке үндөгөн иш-чаралар аркылуу биз коомубузда мээримди жана ынтымакты бекемдөөгө аракет кылабыз.

Кайрымдуулук менен жашоо — жүрөктү тазартып, коомду нурдандырат. Биздин иш-аракеттерге кошулуп, жакшылык жолунда бирге болуңуз!

Курман айт майрамыңыздар кут болсун! 🤲🌙

«Ак Демилге» коомдук фонду

Scroll to Top