Күзгү кайрымдуулук иш-чаралары башталды

2025-жылдын 1-ноябрында «Ак Демилге» коомдук фонду күз айларына карата кайрымдуулук жана колдоо программаларынын баштады.

Алгачкы иш-чаранын алкагында:
250 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары таратылды,
ошондой эле жаштарга колдоо көрсөтүү максатында атайын жолугушуу уюштурулуп, анын жүрүшүндө:
– 21 студентке стипендия,
– 3 эң мыкты окуган бүтүрүүчү студентке заманбап ноутбук тапшырылды.

Бул иш-чаралар жаштарды шыктандырып, алардын билим сапатын жогорулатууга чоң түрткү берет.

Жакынкы күндөрү дагы коомду колдоого багытталган бир нече маанилүү иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Биз бардык жүргүзүлгөн жана пландаштырылган кайрымдуулук иштер үчүн өзгөчө ыраазычылыгыбызды негизги өнөктөшүбүз — IHHNL кайрымдуулук уюмуна (Голландия) билдиребиз. Бул уюмдун колдоосу менен миңдеген үй-бүлөлөр жана жаштар керектүү жардам алып жатышат.

«Ак Демилге» фонду мындан ары да жарандарга кам көрүү, жаштарды өнүктүрүү жана коомдогу боорукерликти жайылтуу боюнча иштерин уланта берет.

Scroll to Top