2025-жылдын 2-ноябрында «Ак Демилге» коомдук фонду тарабынан дагы бир мазмундуу жана кайрымдуулукка бай күн уюштурулду. Бул күнү бир эле учурда бир нече жардам багыттары камтылып, жүздөгөн адамдарга колдоо көрсөтүлдү:
- 160 үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр таратылды,
- 250 азык-түлүк баштык муктаж үй-бүлөлөргө тапшырылды,
- 215 мектепке барган окуучуга окуу куралдарынын комплекти берилди.
- Кечкисин жатаканада жашаган студенттер үчүн атайын достук кечки тамак уюштурулду.
Бул иш-чаралардын баары жаштарга дем берүү, муктаждарга жылуулук тартуулоо жана биримдикти бекемдөө максатын көздөйт.
Бул күндөгү ар бир жардам, ар бир иш-аракет IHHNL кайрымдуулук уюмунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Фонд бул уюмга жана жардам уюштурууга салым кошкон бардык ыктыярчыларга терең ыраазычылык билдирет.












