Биз сыймыктанабыз жана колдойбуз!

25-сентябрь күнү Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун (КАДК) Маданият борборунда Эл аралык дүлөйлөр күнүнө арналган өзгөчө майрамдык иш-чара болуп өттү.

«Ак Демилге» коомдук фонду бул иш-чаранын каржылык өнөктөшү катары катышып, инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө болгон ишенимин дагы бир жолу тастыктады.

Бул күндүн башкы жылдыздары — угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз болду. Алар өздөрү даярдаган театралдык көрсөтүүлөр, жаңсоо тилинде ырлар жана бий номерлери менен бардыгыбызга чыгармачылыкка жана кайраттуулукка дем берди. Жалпысынан 28ден ашык катышуучу өзүнүн таланты менен иш-чарага чын жүрөктөн салым кошту.

Бул — жөн гана концерт эмес. Бул — жашоого болгон сүйүүнүн, биримдиктин жана адамдык ар-намыстын майрамы болду.

Scroll to Top