Бир кайрымдуу адам 31 үй-бүлөнүн жүзүнө кубаныч тартуулады

2026-жылдын 6-январында «Ак Демилге» коомдук фонду аркылуу белгисиз калууну каалаган бир кайрымдуу жаран өз демилгеси менен 31 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктарын тартуулады.

Ар бир баштык үй-бүлөнүн күнүмдүк керектөөсүн жабууга ылайыкталып, камкордук менен даярдалды.

«Ак Демилге» фонду өз ишмердүүлүгүндө көпүрө болуп кызмат кылууга ар дайым даяр. Эгер сиз да жакшылык кылууну кааласаңыз, фонд каалооңузду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп, муктаждарга так жана максаттуу жардам жетишине кепил болот.

Биз ыраазычылык менен жардам кабыл алып, жоопкерчилик менен иш алып барабыз.

Scroll to Top