«Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» — деп бекеринен айтылган эмес.
Күч менен убактылуу жеңишке жетсе болот, бирок билим менен узакка созулган ийгиликке жетүүгө мүмкүн. Билим — адамдын өнүгүүсүнүн, коомдун өзгөрүшүнүн жана келечектин пайдубалы.
«Ак Демилге» фонду жаштардын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Анткени билимдүү жаштар — бул бекем коомдун негизи.
📚 Өз билимиңе инвестиция кыл! Себеби билим — сени эч качан таштабаган байлык…