Балдар үчүн «Jaaker» этно-комплексине эстен кеткис экскурсия уюштурулду

24-август күнү «Ак Демилге» коомдук фонду тарабынан балдар үчүн «Jaaker» этно-комплексине атайын таанып-билүүчү жана маданий экскурсия уюштурулду. Бул иш-чара жаңы окуу жылынын алдында балдардын маанайын көтөрүп, дем-күч берүү максатын көздөдү.

Экскурсия учурунда балдар кыргыз элинин бай маданий мурастары менен жандуу таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Алар:
🏹 жаа атуу,
🐏 ордо,
🤼 таяк тартыш жана башка улуттук оюндар аркылуу
ата-бабалардын тарбиясын, жаратылыш менен болгон байланышын жана ынтымакты даңазалаган салт-санааларды үйрөнүштү.

Балдар кызыктуу оюндарга катышып, жаңы досторду таап, маанилүү эс алышты.

Экскурсиянын өзгөчөлүгү катары, бул күнү «Ак Демилге» фонду менен «Jaaker» этно-борбору ортосунда жаштардын руханий жана маданий өнүгүүсү багытында өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул келишим алдыда дагы биргелешкен тарбиялык жана улуттук баалуулуктарды жайылтуучу иш-чаралардын башталышы болмокчу.

«Ак Демилге» фонду «Jaaker» этно-борборунун жетекчиси Мухтар Атаналиев агайга ыраазычылык билдирет жана биргелешкен иш-аракеттер уланып, жемишин берет деп ишенет.

Scroll to Top