«Ак Демилге» жана «Жаакер» өнөктөштүк меморандумуна кол коюшту

5-сентябрда «Ак Демилге» коомдук фонду менен «Жаакер» этно борборунун ортосунда өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга расмий түрдө кол коюу аземи болуп өттү.

Бул өнөктөштүк — жаштардын руханий, маданий жана тарбиялык өнүгүүсүн колдоого багытталган маанилүү кадам. Тараптар биргелешип ар кандай иш-чараларды:
– улуттук оюндарды,
– тарыхый-салттуу багыттагы экскурсияларды,
– лекциялар, семинарлар жана маданий лагерьлерди уюштурууну пландашууда.

Негизги максат — улуттук баалуулуктарды сактоо жана күчөтүү. Бул кызматташтык жаш муундун тарыхты таанып, өз тамырын сыйлоосуна, дене тарбия жана рухий баалуулуктарды айкалыштырып, берекелүү жана биримдиктүү коомду калыптандырууга шарт түзөт.

«Ак Демилге» фонду жана «Жаакер» этно борбору өнөктөштүк аркылуу коомдук жоопкерчиликти жогорулатууга, ошондой эле маданий мурасты таанытуу жана жаштар арасында мекенчилдик сезимди бекемдөөгө өз салымын кошот.

«Ак Демилге» фонду аталган демилгеге колдоо көрсөткөн “Жаакер” этно борборунун жетекчиси Мухтар Атаналиев агайга ыраазычылык билдирет.

Scroll to Top