“Ак Демилге” коомдук фонду “Жазира Трэвел” компаниясынын Ош шаарындагы жаңы ачылган кеңсесин куттуктап, негиздөөчүсү Мадали Ойтемировго ыраазычылык билдирет

“Жазира Трэвел” компаниясынын Ош шаарындагы жаңы ачылган кеңсеси кут болсун! Бул кеңсенин ачылышы компаниянын ишмердүүлүгүн мындан ары да өркүндөтүп, көптөгөн жетишкендиктерге жеткирээрине терең ишенебиз. Кеңсенин ачылышы менен “Жазира Трэвел” компаниясы аймакта дагы да кеңири таанылып, кардарларына сапаттуу кызмат көрсөтүүнү улантат деген үмүттөбүз.

Ошону менен бирге, биз “Жазира Трэвел” компаниясынын негиздөөчүсү, урматтуу Мадали Ойтемиров мырзанын көптөгөн кайрымдуулук жана соопчулук иштерин баса белгилейбиз. Алган колдон берген кол жакшы демекчи, биз анын көптөгөн кайрымдуулук жана соопчулук иштерине күбө болуп келебиз. Анын бул багыттагы салымдары көптөгөн адамдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулап, өмүрлөрүнө жарык алып келет.

Атап айтканда, Мадали мырза “Ак Демилге” коомдук фондунун бир катар иш-чараларына туруктуу түрдө материалдык жардам көрсөтүп, фонддун максаттарын жана долбоорлорун колдоого алып келүүдө. Анын аркасында биз көптөгөн пландарды ишке ашырууга жана коомго пайда алып келүүгө мүмкүнчүлүк алдык.

“Ак Демилге” фондунун атынан Мадали Ойтемиров мырзага чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз. Жараткан сизди жана үй-бүлөңүздү ар кандай кырсык, оору-сыркоо, жаман сөз жана жаман көздөн алыс кылсын. Мындан ары да жаңы бийиктиктерди багынтып, ар дайым жакшылыкка себепчи болуп жүрө бериңиз!

Scroll to Top