“Ак Демилге” коомдук фонду стипендиянттары менен кезектеги жолугушууну өткөрдү

10-сентябрь күнү “Ак Демилге” коомдук фонду өзүнүн стипендиянттары менен кезектеги жолугушуусун ийгиликтүү өткөрдү. Жолугушууда фонддун жетекчилиги студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окууда чоң жетишкендиктерди каалаганын баса белгиледи.

Фонддун директору жолугушуу учурунда жаштарды билим алуу менен гана чектелбестен, активдүү жарандык позицияны карманууга, фонддун социалдык долбоорлоруна активдүү катышууга чакырды. Жолугушууда стипендиянттар өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, алдыдагы пландар жана максаттар тууралуу талкуу жүргүзүштү. Фонд, өз кезегинде, билим берүү, жаштардын кесиптик жана инсандык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү уланта берерин билдирди.

“Ак Демилге” коомдук фонду жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана жогорку квалификацияга умтулууга чакырып, ар дайым алардын сапаттуу билим алып, коомго кызмат кылуу аракеттерине дем берип келет.

Scroll to Top