«Ак Демилге» коомдук фонду өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, улуттук оюндардын өнүгүүсүн талкуулады

2025-жылдын 23-сентябрында «Ак Демилге» коомдук фонду «Көчмөн балдары» улуттук оюндар таймашын ийгиликтүү өткөрүүгө салым кошкон өнөктөштөрүн атайын расмий түшкү тамакка чакырып, ыраазычылык билдирүү жана алдыдагы кызматташтык боюнча баарлашуу уюштурду.

Фонд тарабынан ар бир өнөктөшкө терең ыраазычылык айтылып, таасирдүү салымы үчүн эстелик белектер тапшырылды. Дал ушул кызматташтыктын аркасында 21-сентябрда Сокулук районунун Төш-Булак айылында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу «Көчмөн балдары» аталышындагы улуттук оюндар боюнча өспүрүмдөр таймашы ийгиликтүү өткөрүлдү.

Иш-чара учурунда катышуучулар улуттук оюндардын мааниси, жаш муунга салт-санаа өткөрүү, мамлекеттик эмес уюмдардын ортосундагы биримдикти жана руханий негиздерди бекемдөө боюнча ой бөлүшүштү.

Жолугушууга катышкан өнөктөштөр:

– «Жаакер» этно-борбору
– Тогуз коргоол федерациясы
– Абалак ордо федерациясы
– Таяк тартыш федерациясы
– Салттуу кылыч чабыш федерациясы
– Салттуу жана ат үстүндө жаа атуу федерациясы
– Улуттук буюм жасоочу кол өнөрчүлөр
– жана “Ак Жоолук” коомдук фонду

Жолугушуунун соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, биргелешкен мелдештерди, окутуу программаларын жана маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашты.

«Ак Демилге» коомдук фонду бардык өнөктөштөргө ишеним жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда дагы күчтүү кызматташтык күтөөрүн билдирет.

Scroll to Top