14-мартта”Ак-Демилге” коомдук фонду Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө кайрымдуулук ооз ачыруу (ифтар) уюштурду. Бул ыйык Рамазан айындагы маанилүү иш-чарага 150дөн ашуун көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар жарандарыбыз катышып, жылуу жана достук маанайдагы кечеде убакыт сүрүштү.
Ооз ачыруунун ардак коногу – “Ыйман” мечитинин имамы Устаз Ниматулла ажы Рыскулов болуп, ал катышуучулардын Рамазан жана Ислам дини тууралуу суроолоруна жооп берип, бул ыйык айда руханий тазалануунун жана боорукерликтин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Ак-Демилге” коомдук фонду социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдарды колдоо боюнча бир катар социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорду ишке ашырып келет. Фонд өз ишмердүүлүгүндө билим берүү, социалдык жардам жана кайрымдуулук багыттарына өзгөчө басым жасайт.
Бул ооз ачыруу дагы бир жолу коомубузда биримдикти бекемдөөнүн жана жардамга муктаж жарандарга көңүл буруунун маанилүүлүгүн көрсөттү.
Рамазан – бул боорукерликтин, биримдиктин жана кайрымдуулуктун мезгили. “Ак-Демилге” фонду келечекте да майыптыгы бар жарандарды колдоо багытындагы иш-чараларды уланта бермекчи.