“Ак-Демилге” коомдук фонду IHHNL кайрымдуулук уюму менен биргеликте ири кайрымдуулук акцияларын өткөрдү

19-ноябрдан 23-ноябрга чейин “Ак-Демилге” коомдук фонду жана IHHNL кайрымдуулук уюму менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо максатында бир катар ири кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлдү.

19-20-ноябрь. Азык-түлүк таратуу акциясы

450 муктаж үй-бүлөгө төмөнкү азык-түлүк комплекттери таратылды:

  • 10 кг ун,
  • 5 кг макарон,
  • 5 кг күрүч,
  • 5 кг кумшекер,
  • 5 литр өсүмдүк майы,
  • 1 пачка чай.

21-ноябрь. Үй-бүлөлөрдү туруктуу киреше менен камсыздоо

16 муктаж үй-бүлөгө тооккана курулуп, ар бирине 50 тоок, 3 айлык тоок жеми берилди. Бул иш-чара муктаж үй-бүлөлөрдүн жумуртка сатуудан туруктуу киреше алып, жашоо шарттарын жакшыртуусуна шарт түзөт.

Ошондой эле, 144 үй-бүлөгө жалпы 144 тонна көмүр таратылды.

21-ноябрь. Студенттерге жана окуучуларга колдоо көрсөтүү

  • 22 студентке стипендия тапшырылды.
  • 4 бүтүрүүчүгө ноутбук берилди.

22-ноябрь. Балдарды колдоо

Мектепке барган 100 жетим жана муктаж балдар жөлөк пул жана окуу куралдары менен камсыздалды.

Жардам алуучулардын тизмелери муниципалдык аймактык башкармалыктардан алынган маалыматтардын негизинде жана “Ак-Демилге” коомдук фондунун социалдык тармактарындагы кайрылуулардын негизинде түзүлдү.

Бул иш-чаралар көптөгөн үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртып, балдарга жана жаштарга келечекке болгон ишенимди бекемдөөгө жардам берди. “Ак-Демилге” коомдук фонду бардык өнөктөштөргө жана каржылык колдоо көрсөткөн IHHNL кайрымдуулук уюмуна терең ыраазычылык билдирет.

Scroll to Top