“Ак Демилге” коомдук фонду, балдардын жаркын келечеги үчүн кам көрөт

2021-ж. 30-декабрь айында “Ак Демилге” Коомдук Фонду, “IHH NL” кайрымдуулук фонду менен биргеликте, атасынан эрте ажыраган бөбөктөргө кезектеги жөлөк пул тапшыруу иш-чарасын уюштурду. Жалпысынан (бардык аймактарды кошкондо)109 балага акчалай жардам көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында, апаларга, “Баланы туура тарбиялоо” боюнча кызуу талкуулар жана суроо жооптор менен коштолгон чакан маектешүү болуп өттү.
Иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөтүп келе жаткан демөөрчүлөргө жана фонддун активдүү мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз.
Scroll to Top