Күзгү кайрымдуулук программасынын алкагында, ошондой эле IHHNL – Нидерландыдагы негизги өнөктөшүбүздүн Кыргызстандагы иш сапары учурунда, «Ак Демилге» коомдук фонду тарабынан 23 үй-бүлөгө багытталган “тоок кана” – кичине бизнес долбоору ишке ашты.
Бул демилгенин негизги максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү туруктуу жана өз алдынча киреше булагы менен камсыз кылуу.
«Тоок кана» проекти боюнча ар бир үй-бүлөгө төмөнкүдөй куралган:
– жылуулатылган, бекем курулган тооккана,
– сыртка чыгуучу үчүн тор менен тосулган аянтча,
– 50 баш жумуртка багытындагы тоок ,
– 4 айга жетиштүү атайын тоок жемдери.
Бул демилге – кичине фермердик ишкердикти баштоо мүмкүнчүлүгү. Ар бир катышуучу долбоордун жүрүшүндө өз алдынча жумуртка өндүрүп, сатуудан киреше таба алат.
Бул долбоорлордун ишке ашышына негизги колдоо көрсөткөн өнөктөш — IHHNL (Нидерландыдагы кайрымдуулук уюму). Алардын катышуусу менен фонд дагы да натыйжалуу программаларды ишке ашырууда.
«Ак Демилге» фонду жардамга муктаж жарандардын өз алдынча жана туруктуу жашоосуна жол ачууну өзүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт.








