«Ак Демилге» фонду тарабынан 500дөн ашуун адамга кайрымдуулук тамак-баштыкчалары таратылды

5-ноябрь 2025-жылы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Маданият борборунда «Ак Демилге» коомдук фондунун демилгеси менен, IHHNL өнөктөшүнүн колдоосу аркылуу кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында тамак-баштыкчалары таратуу акциясы өткөрүлүп, ар бир келген жаранга алдын ала даярдалган толук кандуу ысык тамак салынган баштыкчалар берилди. Ар бир баштыкка төмөнкүдөй азыктар кирди:
– ысык тамак,
– салат,
– жемиш,
– нан,
– шире жана суу.

Жалпысынан 500дөн ашык адамга түшкү тамак берилип, бул күн коомдун аярлуу мүчөлөрүнө жана муктаж жарандарга карата көңүл буруунун, адамдык жылуулуктун белгисине айланды.

Бул иш-чара «Ак Демилге» коомдук фондунун улуттук баалуулуктарга, боорукердикке жана биримдикке негизделген аракеттеринин алкагында өткөрүлүп, биздин негизги өнөктөшүбүз — IHHNL (Нидерландыдагы кайрымдуулук уюму) тарабынан каржыланды.

«Ак Демилге» фонду мындан ары да кайрымдуулук, тарбия жана колдоо багытындагы иштерин улантып, коомубуздагы муктаж жарандарга үмүт жана дем берет деген ишенимин билдирет.

Scroll to Top