21-мартта Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Чүй облусундагы окуу-өндүрүш ишканаларынын кызматкерлери, Бишкек шаарындагы баштапкы уюмдардын кызматкерлери жана Республикалык азиздер жана дүлөйлөрдүн адистештирилген китепканасынын кызматкерлери үчүн кайрымдуулук ифтар өткөрүлдү.
Бул иш-чара “Ак-Демилге” коомдук фонду жана анын Голландиядан келген өнөктөштөрүнүн колдоосу менен уюштурулуп, 120дан ашык катышуучуну чогултту. Ифтар жылуу жана ынтымактуу маанайда өтүп, майыптыгы бар жарандар үчүн көңүл көтөргөн маанилүү кечеге айланды.
Майрамдык кечеге катышкан “Ак-Демилге” фондунун жетекчиси өз сөзүндө фонд жыл сайын ушундай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп турууга даяр экенин билдирди. Бул убада фонддун майыптыгы бар жарандарды колдоо жаатындагы туруктуу ниетин жана жоопкерчилигин дагы бир жолу тастыктады.
Рамазан — боорукерликтин, тилектештиктин жана кайрымдуулуктун айы. Бул сыяктуу демилгелердин үзгүлтүксүз улантылышы майыптыгы бар жарандардын турмушуна үмүт жана дем берет.