2025-жылдын 26-сентябрында «Ак Демилге» коомдук фонду менен Бишкек шаарындагы №3-кесиптик лицейдин ортосунда өз ара кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.
Бул макулдашуунун алкагында тараптар төмөнкү багыттарда иш алып барууну макулдашышты:
🔹 жаштарды кесипке багыттоо жана билим берүүнү колдоо;
🔹 социалдык жактан аяр үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерге жана лицейдин муктаж болгон кызматкерлерине колдоо көрсөтүү;
🔹 практикалык көндүмдөрдү бекемдөөчү мастер-класстар, тренингдер жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
Бул өнөктөштүк — жаштардын кесиптик жана инсандык өнүгүүсүнө, өз алдынча жашоого даярдыгына көмөктөшүү максатын көздөйт.
«Ак Демилге» фонду билим берүү мекемелери менен тыгыз иш алып барууну улантат жана ар бир жаштын келечегине ишеним менен карайт.








