23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь — кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ күн. Так ушул күнү, 35 жыл мурун — 1989-жылы, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Ошондон бери бул күн расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет.

Бул күн — эне тилибизди урматтоо, аны сактоо жана өнүктүрүү маанисин эске салган улуттук тил майрамы.

«Ак Демилге» фонду бардык мекендештерди ушул улуу майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Эне тилибизди ар дайым сыйлап, келечек муунга даңазалуу мурас катары өткөрүп берүү ар бир жарандын парзы.

Мамлекеттик тил күнү кут болсун!

Scroll to Top