Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы алгачкы улуттук оюндар ийгиликтүү өткөрүлдү

21-сентябрда Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы Жаакер этно борборунда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу 10–14 жаштагы өспүрүмдөр арасында “Көчмөн балдары” улуттук оюндар таймашы болуп өттү.

Мелдешке көптөгөн тайпалар катышып, атаандаштык жогорку деңгээлде өттү. Программага киргизилген оюндар — жаа атуу, таяк тартыш, аркан тартыш, чүкө жана тогуз коргоол — чоң кызыгуу жаратты. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн салттуу кылыч чабышы дагы уюштурулду. Ошондой эле кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү, улуттук курал-жарактар менен буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду. Бардык катышуучулар жана коноктор үчүн акысыз улуттук даамдардан турган түшкү тамак берилди.

Иш-чара улуттук ырлар, манас айтуу жана төкмө акындардын чыгармалары менен коштолуп, майрамдык маанай тартуулады.

Мелдештин жыйынтыгында бардык жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле спорт түрлөрүнүн жетекчилерине жана калыстарына, ошондой эле фонддун ыктыярчыларына ыраазычылык каттар ыйгарылды.

“Көчмөн балдары” — бул улуттук оюндарды сактап, жаш муунга өткөрүп берүүдө чоң мааниге ээ болгон тарыхый кадам. Бул биринчи ирет өткөрүлгөн таймаш болуп, алдыда мындай иш-чаралар мындан да кызыктуу жана масштабдуу өтөөрүнө ишенебиз.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Жаакер этно борбору, “Ак Демилге” коомдук фонду, “Ак Жоолук” коомдук фонду жана өнөктөштөр бардык катышуучуларга жана колдоочуларга терең ыраазычылык билдиришет.

Scroll to Top