Кыргызстанда алгачкы жолу өспүрүмдөр арасында улуттук оюндар таймашы өтөт

21-сентябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 10 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында улуттук оюндар боюнча “Көчмөн балдары” таймашы өтөт.

Бул иш-чара кыргыз элинин байыркы мурастарын жана улуттук оюндарын жаш муунга жайылтууну, ата-бабалардан калган нарк-насилди даңазалоону жана патриоттук рухту чыңдоону максат кылат.

Таймаштын алкагында төмөнкү оюндар боюнча мелдештер уюштурулат:

  • 🏹 Жаа атуу

  • 🤼 Таяк тартыш

  • 🪢 Аркан тартыш

  • 🎯 Чүкө

  • 🧠 Тогуз коргоол

Жеңүүчүлөр баалуу байгелер менен сыйланат. Бул мелдеш — улуттук салт-санааны сактоо жана аны жаш муунга өткөрүп берүү багытындагы чоң кадам болуп саналат.

📍 Дареги: Сокулук району, Төш-Булак айылы, Жаакер этно борбору
🕘 Башталышы: саат 9:00
📞 Байланыш телефону: 0505 28 06 19

Уюштуруучулар: Жаакер этно борбору, “Ак Демилге” коомдук фонду.

Scroll to Top