“Ак-Демилге” коомдук фонду бардык мусулмандарды 2025-жылдын ыйык Рамазан айы менен куттуктайт! Жараткан туткан орозоңуздарды кабыл кылып, эки дүйнөдө бактылуулук насип кылсын!
Рамазан айы – ырайымдуулуктун, боорукерликтин жана кайрымдуулуктун айы. Бул ыйык айда “Ак-Демилге” фондунун стипендианттары Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ооз ачарга карата айдоочуларга зам-зам суусун жана курма таратышты.
Бул демилге орозо кармагандарга колдоо көрсөтүп, ыйык айдын берекесин бөлүшүү максатында уюштурулду. Айдоочулар фонддун жаш ыктыярчыларынын жакшылыгына ыраазычылыктарын билдирип, орозо айында мээримдүү иш-чаралар улана берүүсүн каалашты.
“Ак-Демилге” коомдук фонду мындан ары дагы коомго пайдалуу кайрымдуулук иш-чараларын улантууну көздөйт жана өнөктөштөрдү, ыктыярчыларды жана коомчулукту жакшылык жасоого үндөйт.