“Ак Демилге” коомдук фонду Тренерлерди даярдоо программасы “Тренердик көндүмдөрдү өздөштүрүү” тренинги
Программа
Тренер: Мизираимов Асеин Маматкеримович.
Көлөмү: Жалпы 14 саат. Анын ичинен 8 саат аудиториялык машыгуу, 6 саат практикалык иш.
Өтүү убактысы: 09:00-18:00. 5-октябрь 2024ж.
Тренинг кыргыз тилинде өтөт.
Программа эки бөлүктөн турат:
1-Катышуучулар үчүн аудиториялык машыгуу.
2-Практикалык бөлүк:
– Бул треннигдин жыйынтыгында катышуучу жаңы аудиторияга 6 сааттык практикалык тренинг акысыз өтөт.
– Практикалык тренингге катышуучуларды топтоо, орунду даярдоо жана керектелүүчү чыгымдары Фонд тарабынан уюштурулат.
– Практикалык тренинг жакынкы 2 айдын ичинде өткөрүлүүсү зарыл.
– Ийгиликтүү жыйынтыктаган учурда сертификат алат.
Катышуучулар тренер-насаатчынын консультациялык коштоосунда болушат.
Максаттар – жыйынтыктар:
– Катышуучу тренингдин программасын жана ага керектелүүчү материалдарды даярдаганды үйрөнөт.
– Катышуучу өтүлгөн программа боюнча башкаларды үйрөтө алат.
– Катышуучу үйрөтүүнүн (окутуунун), сынчыл ой жүгүртүүнүн интерактивдик ыкмаларын өздөштүрөт.
– Катышуучу аудиторияны башкаргандын психологиясынын өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт.
– Катышуучу модератордук жана фасилитатордук тажрыйбаларын өздөштүрөт.
Модулдар:
- Тренинг деген эмне?.
- Тренингдин негизги этаптары.
- Ата-эне, бала, чоң киши (РДВ).
- Тренердик чеберчиликтин стандарты.
- Фасилитация жана Модерация.
- Окутуунун (үйрөтүүнүн) интерактивдик ыкмалары.
- Кайтарым байланыштын механизми жана Баалоо (Анализ).
- Практикалык тренингге программа даярдоо (консультант тренердин коштоосунда).