Урматтуу мекендештер!
«Ак Демилге» коомдук фонду сиздерди 5-март — Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Ак калпак кыргыз элинин тарыхын, нарк-насилин, эр жүрөктүүлүгүн жана улуттук ар-намысын чагылдырган чоң белги. Ак калпак ата-бабалардан калган мурас катары бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн маанисин жоготпой, улуттук өзгөчөлүгүбүздү даңазалап келет.
Улуттук баалуулуктарды сактоо — бул келечек муунга болгон жоопкерчилигибиз. Ар бирибиз өз маданиятыбызды урматтап, салт-санаабызды даңазалап жүрөлү.


