Эртеңден тарта ыйык Рамазан айы башталат. Бул ай — сабырдуулуктун, өзүн-өзү тарбиялоонун, боорукерликтин жана жүрөктү тазалоонун айы.
Рамазан — бул бир гана орозо кармоо эмес. Бул — жакшы адаттарды калыптандыруу, муктаждарды эске алуу, кайрымдуулукту көбөйтүү жана бири-бирибизге болгон сый-урматты бекемдөө мүмкүнчүлүгү.
«Ак Демилге» коомдук фонду ыйык айда коомго кызмат кылуу, муктаж жарандарга колдоо көрсөтүү жана жаштарга тарбиялык дем берүү иштерин улантат.
Жараткан орозоңуздарды кабыл кылсын, үй-бүлөңүздөргө тынчтык жана береке берсин. Рамазан айы ар бирибиз үчүн руханий жаңылануунун башталышы болсун.


