2023-жылдын 20-апрель айында Рамазан айынын акыркы күнүндө, фонд тарабынан дагы бир ооз ачар уюштурулду. Иш-чара, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттик жатаканасында өткөрүлдү.
Ооз ачарга 100дөн ашык студент катышты.
Программаны уюштурууга салымын кошкон бардык бир туугандарга жана “İyiliğe çağrı” кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдиребиз!
Ошентип Рамазан айындагы программаларыбыз жыйынтыкталды.
Жалпыбыздын улуу айда туткан орозолорубузду жана кылган кайрымдуулук иштерибизди Аллах кабыл кылсын!