2026-жылдын 10-февралында «Ак Демилге» коомдук фонду тарабынан Балыкчы жана Сокулук аймактарында муктаж үй-бүлөлөргө 100 комплект азык-түлүк таратылды.
Ар бир комплект төмөнкүлөрдү камтыды:
– 10 кг ун;
– 5 кг шекер;
– 5 кг күрүч;
– 5 литр суу май;
– 5 кг макарон;
– 1 куту чай.
Бул жардам турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн күнүмдүк керектөөсүн жеңилдетүүгө багытталган.
«Ак Демилге» фонду коомдун аярлуу катмарын колдоо багытындагы иштерин мындан ары да уланта берет.





